Улуттук банктын маалыматына ылайык, быйылкы жылдын март айында Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 294,5 миллион долларды түздү.
Негизги которуулар КМШ өлкөлөрүнөн келген — 281,3 млн доллар. Ал эми чет өлкөлөрдөн 13,3 миллион доллар келген.
Ал эми, Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган трансферттердин көлөмү 28 миллион долларды түздү.
Анын 24 миллион доллары КМШ өлкөлөрүнө, 4 миллиону алыскы чет өлкөлөргө которулган.