Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мунарбек Сайпидиновдун баш коргоо чарасы кечээ, 13-январда Ош шаардык сотунда каралган. Анда айыпталуучунун жашаган жери, өздүгү тууралуу так маалымат бар экенин жана ал өлкө казынасына келтирген 1 033 700 сом каражат толук төлөнгөнүн эске алып, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Үй камагына ылайык, Сайпидиновго саат 22:00дөн 06:00 саатка чейин жашаган жери Савай айылындагы үйүнөн сырткары чыгууга тыюу салынып, тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө, жашаган аймагынан сырткары чыкпоого милдеттендирилген.