Матраимовдун өкүл баласынын кармалышы. Коркунучтуу байланыштардын учу кайда барат?
Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, мурдагыдай бандиттик клан түзгөндөр, мамлекеттик казынага кол салгандар тазаланып, коррупция азайды деп карапайым калктын сүйүнүчү койнуна батпай турганда, өткөн заманды эске салган коррупциянын ана башы аталган Матраимовдун аты кайрадан коомчулукта жаңырды. Дегеним, акыркы убакта коомчулукта кеңири талкууга алынган окуя Райым Матраимовдун өкүл баласынын кармалышы жана анын чуулгандуу билдирүүсү коомдо чоң резонанс жаратты. Кыргыз коомчулугу 6-августта кармалган Мунарбек Сайпидиновдун айланасындагы окуяларга кунт коюу менен байкоо салып жатат. Райым Матраимовдун өкүл баласы катары белгилүү болгон, бир кезде Ош облусунун Кара-Суу районунуну Савай айылында айыл өкмөт башчы болуп иштеген Мунарбек Сайпидинов социалдык тармак аркылуу видео-кайрылуу жарыялап, анын өмүрүнө коркунуч бар экенин айтып, муну мурдагы бажы башчысы Райым Матраимов менен байланыштырган билдирүү таратты. Анын айтымында, анда Кыргызстанда арам акчаны адалдоо менен алектенген уйгур ишкери Айеркен Саймаитинин жана Улан Эгизбаевдин өлүмү тууралуу маалымат бар жана дал ушул себептен Матраимов тарабынан “жок кылуу коркунучу” алдында турат. Бүгүн “Reporter.kg” дал ушул теманын айланасында саресеп салат.

Чуулгандуу видео-кайрылууда Сайпидинов Москвада үй-бүлөсү менен жашап жаткан үйдөн ИИМдин кызматкерлери кармоого аракет кылганын, бул Матраимовдун буйрутмасы менен болуп жатканын айткан. Бул доомат тынч жаткан коомчулукту дүрт эткен ойго түрттү. Себеби, Саймаитинин өлүмүн эске албаганда, журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү коомчулукта “өз ажалы менен өлдү” деген версия негизделип калган эле. Ансыз да жалгыз уулунан ажыраган ата-энеге бул кабар кандай таасир эткенин ойлоонун өзү өтө оор.
Ал эми, Райым Матраимовдун аты көп жылдардан бери коррупциялык схемалар менен байланышып келет. Бирок ага карата болгон тергөө иштеринин майнапсыз аякташы, коомчулукта терең ишенбестик жана ачыктуулуктун жоктугу тууралуу ой калтырган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп Райым Матраимовдон кылган коррупциялык иштери үчүн мамлекеттин эсебине миллиарддаган каражаттар өндүрүлгөнүн билдирген.
Эгерде “өкүл баланын” билдирүүлөрү жүйөөлүү болсо, анда бул — тергөө органдары үчүн өтө маанилүү багыт. Бирок, тилекке каршы, мындай билдирүүлөр коомчулукта резонанс жаратканы менен, алар боюнча расмий органдар чечкиндүү жана ачык аракеттерди көрсөткөн учурлар аз. Бул билдирүү коомчулукта дароо кызыгууну жаратып, мурда иликтенбей калган саясий өлүмдөрдүн жана коррупциялык схемалардын көлөкөсүн кайрадан козгоду.

Саймаити менен Улан Эгизбаевдин өлүмү иликтенбей калган чындыкпы? Түп-теги уйгур улутунан болгон ишкер Айеркен Саймаитинин 2019-жылы Стамбулда өлтүрүлүшү жана андан мурда журналист Улан Эгизбаевдин көлгө чөккөн күтүүсүз өлүмү боюнча коомчулукта түрдүү теориялар айтылып келет. Саймаити көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы акча агымдарын, аткаминерлердин чет өлкөлөргө акча которууларын ачык айтып чыккан. Анын өлүмү боюнча бир катар ЖМКлар түрдүү версияларды ачыкташкан.

Эгизбаев болсо коомдо таанымал, коррупцияга каршы журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн курч журналист эле. Анын өлүмү расмий түрдө “кызыктыруучу жагдайлар жок” деп табылган.
Эгерде Матраимовдун өкүл баласы бул эки иштин тегерегинде ынанымдуу жана далилдүү маалыматтарга ээ болсо, ал күбө катары мамлекет тарабынан коргоого алынышы керек. Бирок эгер бул — жеке кызыкчылыктарды же кек сактоо максатындагы маалыматтык чабуул болсо, анда ал мыйзам чегинде жооп берүүсү керек.
Сайпидинов деген ким өзү? Мунарбек Сайпидинов буга чейин айыл өкмөт башчысы болуп иштеп, мамлекетке тиешелүү жерлерди мыйзамсыз саткан деп күнөөлөнүүдө. Эгерде ал мурда мыйзамсыз иштерге аралашкан болсо, анын азыркы билдирүүлөрү чыныгы адашкандык жана “шок абалына” түшүп калуу. Коркконго кош көрүнөт болуп, формачандарды көргөндө өзүнүн эски “кылмыштары” эсине түшүп, аларды четинен ачып Матраимовдун атын атасам, күнөө ага оодарылып, “аман калуу” амалы.

Эгерде Сайпидинов бул окуяларга байланыштуу конкреттүү жана далилдүү маалыматтарга ээ болсо, ал укук коргоо органдары тарабынан күбө катары коргоого алынышы керек. Ал эми бул билдирүү саясий соодалашуунун же маалыматтык манипуляциянын куралы болсо, анда коомчулуктун ишенимин кыянаттык менен пайдалануу делип жоопкерчиликке тартылуусу кажет.
Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, Сайпидинов 2021-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз менчикке өткөрүүгө шектелип жатат. Ал Жер ресурстары агенттигинин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, социалдык мекемелерге таандык жерлерди мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Сайпидинов 6-августта Россияда кармалган жана 7-августта Кыргызстанга экстрадицияланган. ИИМ билдиргендей, ал башка кылмыш иштер боюнча да шек туудурат жана учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул окуянын эки өңүтү бар. Сайпидинов өзүнүн айыл өкмөт башчысы кезинде мамлекетке зыян келтирген коррупциялык иштерге аралашканы үчүн кармалды. Эгерде ал мыйзамды бузган болсо, албетте, мыйзам алдында жооп бериши керек. Саясий өңүттөн алып карай турган болсок, эгерде ал чындап эле Матраимовдун жашыруун жана коомчулук үчүн маанилүү маалыматтарын ачыктоого даяр болсо, анда бул иш боюнча алдыда көп кызыктар күтүлөт.
Сөзүбүздүн соңунда айтаарыбыз, Сайпидиновдун дооматтары боюнча ачык, калыс жана тергөө жүргүзүлсө гана коомчулук ишенимге ээ болот. Болбосо, бул иш дагы бир саясий оюн катары гана кабыл алынып калышы мүмкүн.