Кыргызстанда COVID-19 илдети кескин күчөгөн учурда ишкерлер менен меценаттардын элге жасаган жардамы чоң болду. Алардын бири ишкер Адылбек Асанов көп сандагы кислароддук концентратор сатып алып, муктаждарга тараткан.
Анын элге жасаган жардамы басылмаларга жарыяланып, ишкердин демилгесин ырчылар, активисттер колдоого алган.
REPORTER.KG «Нурзаман» курулуш компаниясынын жетекчиси, меценат Адылбек Асановдун кайрымдуулук иштери боюнча маектешти.