Медер Абакиров ЕБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Люксембург шаарында Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө бир катар мамлекеттердин тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Португалиянын тышкы иштер министри Паулу Ранжел менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий диалогду жандандыруу, анын ичинде жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланган. Ошондой эле жаңылануучу энергия булактары жаатында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман менен жолугушууда тараптар эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, экономика жана туризм тармактарында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Европа Биримдиги жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашкан.
Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну чыңдоо максатында жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилген.
Ошондой эле Венгриянын, Люксембургдун, Словакиянын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери менен болгон сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарын кеңейтүү маселелери талкууланган.