Журналисттерден, юристтерден жана медиаэксперттерден турган «ЖМК тууралуу» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңешке кайрылып, документке киргизилген өзгөртүүлөрдү кайра кароону суранды.
Топтун пикиринде, 16-июнда парламенттин профилдик комитети мыйзам долбооруна мурда жетишилген мунаса макулдашууну толугу менен жокко чыгарган өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал мунаса — президенттик администрация жана жарандык коомдун катышуусунда эки жылдык иштердин жыйынтыгы болчу.
Мунаса вариантында эмне камтылган эле:
-
Онлайн-ЖМКлар үчүн ыктыярдуу каттоо;
-
Маалымат булактарын коргоо жана цензурага тыюу салуу;
-
Эл аралык стандарттарга шайкештик.
Жаңы версияда эмнелер киргизилди:
-
Бардык веб-сайттар жана блогдор үчүн милдеттүү каттоо;
-
ЖМК түзүүдө чет элдик катышууга 35% чектөө коюу;
-
ЖМКны каттоо, кайра каттоо жана жабуу боюнча өзгөчө ыйгарым укуктар Министрлер кабинетине өткөрүлүп берилди — бул, эксперттердин айтымында, басымга жана цензурага алып келиши мүмкүн.
Жумушчу топ жаңы өзгөртүүлөр мыйзам долбоорун талаштуу жоболорго кайра кайтарып, Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерин белгилөөдө.