Мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Министрлик парламентте айтылган сунуштарга жооп берди

25.02.2026 | 16:48

Агартуу министрлиги Жогорку Кеңеште окуучулардын кийимине болгон талапты жумшартуу жөнүндө айтылган сунуштарга жооп берди. Мекеме Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кийими классикалык стилге ылайык болушу керектигин билдирди.

Бул тууралуу өкмөт тарабынан бекитилген Бирдиктүү талаптарда көрсөтүлгөн. Ошондой эле бирдиктүү форма жөнүндө эрежени иштеп чыгууда бардык кызыкдар тараптар: ата-энелер, окуучулар, эксперттер жана коомчулуктун башка өкүлдөрү тартылганы айтылды.

Ага ылайык, мектеп формасы аба ырайынын шарттарына, сабак өтүлүүчү жайга жана окуу жайындагы температуралык режимге шайкеш келиши керек.

  • Балдар үчүн: Бир түстөгү (кара, боз, кочкул көк же кочкул кызыл) кездемеден тигилген шым, жилет жана пиджактын айкалышы.
  • Кыздар үчүн: Блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк же пиджак. Алар бир түстөгү же торчо (клетка) кездемеден тигилиши мүмкүн.
  • Түстөр: Көйнөктөр ак, агыш-боз, ачык-көгүш же ачык-саргыч түстө болушуна жол берилет.

Мындан тышкары министрлик мектеп администрациясы тарабынан белгиленген форманы милдеттүү түрдө сатып алууга ата-энелерди мажбурлоо мыйзамсыз болуп саналарын билдирди. Социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөр үчүн баланы «үстү ачык түстө, асты кочкул түстө» деген жалпы талапка ылайык кийиндирүүгө уруксат берилет.

Классикалык стилдеги форманын максаты – окуу жайларында ишкердик атмосфераны түзүүгө жана мектеп тартибин сактоого багытталган. Ошондой эле бирдиктүү форма окуучулардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтууга жана материалдык абалга байланыштуу атаандаштыкты алдын алууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде мектеп формасына болгон талаптарды жумшартуу демилгесин көтөргөн. Депутаттын айтымында, азыркы мектеп формасы балдар үчүн «абдан ыңгайсыз». Ал кийимге карата коюлган катуу талаптар окуучулардын өздөрүнүн пикирин жана аба ырайынын шарттарын эске албай жатканын белгилеген.

Scroll to Top