Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев «Ала-Тоо 24» каналынын эфиринде билдирди.
Окуучулар 2021-жылдын 12-январына чейин эс алышат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко кышкы каникулду 14-декабрдан 2021-жылдын 18-январына чейин улантууну сунуш кылган. Бирок Билим берүү министрлиги бул демилгени колдогон жок.