Мелис Мырзакматов акталды

Мелис Мырзакматов акталды

Жогорку Сот Мелис Мырзакматовдун ишин карап, курамында кылмыш жоктугуна байланыштуу актады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мырзакматовдун иши Ош шаардык сотунда 15-октябрда, Ош облустук сотунда 16-октябрда каралып, экөө тең иштин курамында кылмыш жок деп, аны актоо чечимин чыгарышкан. 

Ушул эле иш 19-октябрда Жогорку Сотто каралып, мурдагы шаардык жана облустук сот чыгарган өкүм күчүндө калтырылган. 

Белгилей кетсек, Мелис Мырзакматов Кыргызстанга 7-октябрда кайтып келген. Ага Ош шаарынын мэри болуп турганда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>