• +(996) 550 201 406  
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСПОРТ

“Мен эки айда бир мушташкым келет”. Майк Тайсон – жаңы атаандаш издөөдө

Майк Тайсон Рой Джонс менен болгон беттештен кийин машыгууну улантууга ниеттенип жаткандыгын жарыялады. Легендарлуу мушкердин командасы жаңы атаандаш издеп жатат. Бул тууралуу Prosports.kz. жазды.

“Мен машыгууну улантам. Эми бул менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Мен эми Семиз Майк же Кокс Майк болбойм. Мен эми бул жигитке эч кандай тиешем жок.

Мурда бир жылдын ичинде 15 мушташ өткөрө алчумун. Мен эми ушул көрсөткүчкө карай жылам. Өзүмдү формада кармоом керек. Мен эки айда бир мушташкым келет”, – деп айткан Тайсон.

Эске салсак, 29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында бокс тарыхындагы мыкты мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонс мушташты. Беттеш 2 мүнөттөн 8 бөлүккө созулган.

Тайсон менен Джонстун ортосундагы беттештин жыйынтыгында калыстар тең эсеп чыгарып, эки мушкер тең нааразы болушкан.

Сунушталган жаңылыктар
ВИДЕОЖАҢЫЛЫКТАРСПОРТ

СЕРГЕК ЖАШОО: Машыгуу залына алгачкы жолу келген айымдарга мастер класс

ЖАҢЫЛЫКТАРСПОРТ

Бишкекте Жоломан Шаршенбековду салтанаттуу тосуп алышты

ЖАҢЫЛЫКТАРСПОРТ

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио олимпиадасына жолдомо алды

ЖАҢЫЛЫКТАРСПОРТ

Айсулуу Тыныбекова: Күрөшкө келгенге чейин мурдум кандай эле, өзүм дагы унутуп калдым - сүрөт

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *