Мени аэропорттон кармашпаганы үчүн президентке жана күч органдарынын жетекчилерине ыразымын, деп билдирди Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка кирээрден алдын.
“Мага үй-бүлөөм менен жолугууга жана туулуп өскөн жериме ээн-эркин барып келишиме шарт түзүштү. Эми мени сылык-сыпаа суракка чакырып жатышат. Баары мыйзам чегинде болот деп ишенем. Эми мен баарына даярмын. ”, — деди. ал.