Журналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазалануудаЭнергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздүОш шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталуудаӨлтүрүп, сөөгүн көмүп салган. Кара-Балтада 38 жаштагы жаран кармалды
«Менин шаарым» тиркемесинде эвакуацияланган автоунааны онлайн табууга мүмкүн болду
24.09.2025 | 13:53

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду. Эми айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаалар тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрө алышат.
Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы мүмкүнчүлүк төмөнкү артыкчылыктарды берет:
- автоунаанын жайгашкан жерин тез аныктоо;
- атайын токтотмо жайдын дарегин картадан көрүү;
- эвакуация кызматтарынын байланыш маалыматтарын алуу.
Функциянын иштөө тартиби жөнөкөй: колдонуучу «Эвакуация» бөлүмүнө кирип, автоунаасынын мамлекеттик номерин терет. Эгерде автоунаа эвакуацияланган болсо, тиркеме анын учурдагы жайгашкан жерин жана токтотулган атайын аянттын дарегин картадан көрсөтөт.
Жаңы кызмат iOS жана Android үчүн тиркеменин акыркы версиясында жеткиликтүү. Аны колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесинин жаңыртылган версиясын жүктөп алуу сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом