Мэрия: Коронавирус Бишкектин 25 конушундагы жашоочулардан аныкталды

Мэрия: Коронавирус Бишкектин 25 конушундагы жашоочулардан аныкталды

COVID-19 аныкталган 162 адам Бишкек шаарындагы 25 конуштун жашоочулары болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде билдирди.

Шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт: 12 кичи районунда — 15 адам, Жал кичи районунда – 15 адам, Аламедин-1 кичи районунда – 5 адам, Фучик көчөсүндө – 6 адам жашайт.

Вице-мэр белгилегендей, Бишкекте коронавирус менен жалпы тастыкталган учурлардын ичинен 63 жаран өздөрү кайрылгандар. Ал эми 34 учурдун булагы такталбагандыктан, Шаардык санэпидкөзөмөл борбору изилдөөнү улантып жатат. Айрым жарандар, вирусту коомдук жайлардан — базардан, соода борборлорунан, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>