Кыргызстан менен Египеттин ТИМдери алгачкы консулдук консультацияларды өткөрүштү

05.02.2026 | 14:34

2026-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда консулдук маселелер боюнча алгачкы онлайн-консультациялар болуп өттү. Кыргызстандын делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Египеттин делегациясын Тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Хаддад Эль Гохари жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу консулдук кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде аны өнүктүрүү келечегин талкуулашты. 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле консультациянын катышуучулары эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо, ошондой эле алардын Кыргызстан менен Египеттин аймактарында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды карашты.

Scroll to Top