МИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?

Бишкек шаарында акыркы жылдары мектептерде орун жетишсиздиги курч көйгөйгө айланып бара жатат. Кээ бир мектептерде бир класста 50гө жакын окуучу окуп, бул окуучуларга сапаттуу билим берүү жана алардын ар бирине жетиштүү көңүл буруу маселесин кыйындатып жатат. Шаарга айыл аймактардан жана башка региондордон көп сандагы адамдар көчүп келип, мындан улам мектептердеги орундардын жетишсиздиги дагы күчөгөн. Ички миграциянын натыйжасында борбор шаарда калктын саны өсүп, жаңы конуштар пайда болгон сайын, ал жактагы мектептер да окуучуларга орун берүүдө кыйынчылыкка туш болууда. Бул маселе акыркы убакта көп талкууланып, борбордук бийлик жана билим берүү тармагындагы адистер тез чараларды көрүү зарылдыгын белгилешүүдө.
Ошондуктан, Агартуу министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган Маликова көчөсүндөгү 91 даректеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына Ленин районундагы №40 мектептин кошумча класстарын ачуу пландалып жатканын билдирди. Бул класстар 700гө жакын окуучуга билим берүүгө арналат. Бирок мындай чечим көп суроолорду жаратууда. Миңдеген адам жашаган үйдүн биринчи кабатына мектеп ачуу канчалык ыңгайлуу жана балдардын окуусуна кандай таасир берет деген маселе азырынча ачык бойдон турат.

Мектеп тартыштыгынын себептери
Президент Садыр Жапаров бул көйгөйгө байланыштуу бир нече негизги себептерди атады:
• Балдардын саны кескин көбөйгөнү: Бул жылы башталгыч класстарга 227 миң бала кабыл алынган, ал эми мурунку жылдарда бул сан 140-150 миңдин айланасында болгон. Бул чоң өсүш мектептерге болгон жүктү арттырды.
• Ички миграциянын өсүшү: Бишкекке жана башка ири шаарларга айылдан көчүп келген адамдардын саны көбөйүүдө. Бул жаңы конуштарда окуучулардын саны көбөйүп, мектептердин толуп кетишине себеп болууда.
• Каттоонун жоктугу: Кээ бир үй-бүлөлөр расмий каттоодон өтпөй, ошондуктан балдарды мектепке даярдоо жана орун бөлүштүрүүдө кыйынчылыктар жаралууда.
• Урбанизация жана демографиялык өсүш: Шаардагы инфраструктуранын өнүгүү ылдамдыгы бала санынын өсүшүнөн артта калып жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президент бул көйгөйдү 12 жылдык билим берүү системасына байланыштуу деген пикирлерди четке кагып, мындай маселе мурун да бар экенин белгиледи.
Көрүлүп жаткан чаралар
Азыркы учурда билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү жана мектептердеги орун маселесин чечүү үчүн төмөнкүдөй аракеттер жүрүүдө:
• МИК курган үйлөрдүн биринчи кабаттарына убактылуу класстар уюштурулууда. Маселен, Маликова көчөсүндөгү жаңы курулган беш көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында №40 мектептин окуучулары үчүн класстар ачылган.
• Бош имараттарды окуу борборлоруна айландыруу боюнча тапшырма Бишкек шаардык мэриясына берилди.
• Жаңы мектептерди куруу жана иштеп жаткан мектептерди кеңейтүү иштери уланууда.
• Бала бакчаларда да убактылуу класстар ачылып, орун маселеси чечилүүгө аракет кылынууда.
Президент Садыр Жапаров ата-энелерге балдарын жашаган жерине жакын мектептерге беришин сунуштап, билим берүү деңгээли азыркы мектептерде дээрлик теңделгенин белгиледи.
Убактылуу чаралар канчалык эффективдүү?
Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков мектептердеги орун тартыштыгы азыркы балдардын саны менен гана байланыштуу эмес, мурунку жылдардагы туура эмес саясаттан да келип чыкканын айтты.
“Мисалы, таасирдүү депутаттар өздөрүнүн аймактарына мектеп курулса деле, ал керектүү аймактарга эмес, муктаждыгы аз жерлерге гана салынган. Бул мектеп тартыштыгынын негизги себеби болуп калды. Натыйжада Бишкек, Ош, Чүй өңдүү шаарларда мектеп жетишсиз болуп жатат”,-деди эксперт.
Эксперт ошондой эле жеке мектептерге колдоо көрсөтүүнү, жеңилдетилген насыя берүү системасын киргизүүнү, онлайн билим берүүнү өнүктүрүүнү сунуштайт. Андан тышкары, жогорку класстарда окуучуларга өз алдынча окууга шарт түзүү жана сапатты бардык мектептерде бирдей кылуу зарыл.
Мугалимдер жетишсиздиги
Жогорку Кеңеште вице-мэр Виктория Мозгачева мектептерде 500гө жакын мугалим жетишпей жатканын, анын ичинде физика, математика, химия сыяктуу так илимдерден сабак берген мугалимдердин жетишсиздигин белгиледи. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мугалимдерди даярдоо программаларын күчөтүү, педагогикалык факультеттерге талапкерлерди көбөйтүү жана мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу зарылчылыгы бар.

Тургундардын пикири
Бишкектеги Маликова көчөсүндөгү МИКтин үйлөрүндө жашаган тургун (атын атабоону суранды) төмөнкүдөй ой бөлүштү:
«Көп жылдан бери самап жүрүп, акыры өз үйүбүзгө жеткенде кубанып, мамлекетке чын жүрөктөн ыраазы болдук. Бирок азыр угуп жатабыз, үйлөрдүн биринчи кабатына мектеп үчүн класстар ачыла турган болуптур. Туура, балдардын баары билим алышы керек. Бирок турак жай – үй болуусу керек да, мектеп эмес. Мектеп деген — өзүнчө жай, өзүнчө атмосфера. Ал жерде спорт залы, актовый зал, ашкана, сейилдей турган аянт болушу керек. Бул үйлөр мектепке ылайыкталган эмес. Класстар ачылса, балдар тынымсыз чуркап, катуу сүйлөп, бири-бири менен урушуп-талашат. Мен 2-кабатта жашайм. Төмөндө күндө ызы-чуу болсо жашоо кандай болот деп алдын ала эле санаа тартып жатам. Эми, бул убактылуу гана чара болуш керек. Мектепке батпай жаткан окуучулар үчүн аргасыз кабыл алынган чечим го деп ойлойм. Бирок келечекте мындай үйлөрдү куруп жатканда ошол эле учурда мектеп, бала бакча, балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жай сыяктуу инфраструктуралар да кошо каралса жакшы болмок. Азыр биздин жерде балдар ойной турган, машинелер токтой турган, же окууга барчу атайын жайлар таптакыр жок»,-деген пикирин билдирди.
Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн биринчи кабаттарына кошумча класстарды ачуу — бул учурда тез арада орун маселесин чечүүгө багытталган убактылуу чара. Бирок бул көйгөйдү түп-тамырынан чечүү үчүн билим берүү инфраструктурасын стратегиялык деңгээлде кеңейтүү зарыл. Жакшы мектептерди мектептин зарыл болгон аймактарына салуу, жеке секторду колдоо, жаңы окутуу формаларын киргизүү жана мугалимдерди даярдоону күчөтүү — билим берүү кризисинен чыгуунун туруктуу жолдору болуп саналат. Бул көйгөйдө гана эмес, келечекте да балдардын сапаттуу билим алышы жана аларга ыңгайлуу шарт түзүлүшү үчүн мамлекет, коом жана тургундар биргеликте аракет кылуусу зарыл.
