Милиционерлер сабап, зордуктаганын айткан аялдын ишине чекит коюлду 

Милиционерлер сабап, зордуктаганын айткан аялдын ишине чекит коюлду 

Милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын айткан 47 жаштагы Р.Наргизанын иши боюнча Жогорку сот чечим чыгарды.

Жабырлануучунун кызыкчылыгын коргогон Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун юристтери билдиришкендей, 2023-жылдын 11-октябрында Жогорку сот Р.Н.ны кыйноого айыпталган милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоодон баш тартып, биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

2017-жылдын март айында Р.Н. жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Ош ШИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө тиешеси бар болушу мүмкүн делип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылган.

Жабырлануучу аял түштүк борбордун Ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратынан алыс эмес жерде дүкөн иштетчү. Ал эми өлтүрүлгөн подполковник кээде андан соода кылчу.

Подполковниктин өлүмүнөн кийин Р.Н. жана анын жакындары Ош ШИИБге чакырылып, сурак башталган. Ошондо ага карата кыйноолор болуп, аялды ажатканага киргизбей, башына баштык кийгизип, муунтуп, сабап, бөтөлкө менен зордуктап, психологиялык басым көрсөтүшкөн. Кыйноолордун таасиринен улам ал маркум менен сексуалдык мамиледе болгонун жана киши өлтүрүүгө катышкандыгын моюнга алууга аргасыз болгон. Алган жаракаттарынан кийин ал кансырап, боюнан алдырууга аргасыз болгон.

«Алар киши өлтүрүү тууралуу айтышкан жок, мен өлтүрүлгөн адамдын ойношу экенимди жана күйөөм мени кызгангандыгын моюнга алышымды каалашты. Мен ошол учурда абдан коркуп кеттим. Күйөөң сени зордуктап, жыныстык органыңа туз чачканга уруксат берди деп айтышты – бул мага аябай катуу тийди. Адегенде жолдошумдун ушинтип айтканына да ишенип кеттим, анткени мунун баарын алар ынанымдуу айтышкан», — дейт жабырлануучу.

Сот Р.Н.нын бир тууганы менен күйөөсүн милиционердин өлүмүнө айыптап, аларга катуу жаза берген: биринчи инстанция күйөөсүн 17 жылга, бир тууганын — өмүр бою эркинен ажыраткан.

Сотто Р.Н. алардын күнөөсүздүгүн далилдей алган жок, бирок ал аны кыйноого алган милиция кызматкерлер жазага тартылышы керек деп эсептейт. Оперативдүү кызматкерлердин бейбаштык мамилеси анын ден соолугуна терс таасирин тийгизген. Психологиялык травмадан тышкары физикалык азап чегип, анын кесепетинен боюнан түшүп калган.

«Алар чындыгында эки адамды, эки төрөлө элек баланы өлтүрүштү. УЗИден текшерткенде, 2,5-3 айлык боюмда бар болчу. Эгиздер эле. Ал жерден чыккандан кийин бир түйүлдүк чарчап калды, экинчисин сактап калайын дегем, бирок болгон жок», — деп эскерет жабырлануучу.

Ал белгилегендей, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор ачык далилдерге карабастан кыйноо жана катаал мамиле боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан.

“Акыйкат” укук коргоо уюмунун юристтери милицияга карата Сузак райондук соттун чечимин жана Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш жана жорук иштери боюнча соттук коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кассациялык даттануу менен кайрылышкан. Бирок адвокаттардын жүйөсүнө карабай, Жогорку сот мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Жогорку соттун бул чечими кыйноого кабылган тараптын да, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн да нааразычылыгын жаратты. Юрист Уткир Жаббаровдун айтымында, азыр бардык үмүт эл аралык коомчулукта.

«Бул биздин акыркы үмүтүбүз болчу. Биз эми БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылабыз. Кыйноолор болгон, бизде бардык далилдер бар. Ошондуктан, биз аларга жеке арыз менен кайрылууну көздөп жатабыз», — деди жактоочу.

Кыйноолор колдонулгандан бери беш жылдан ашык убакыт өттү. Тергөөчүлөр психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусуна карабастан, Р.Н.ны жабырлануучу деп табышкан эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>