Милиционерлер сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарышты

Милиционерлер сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарышты

Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусундагы “Коста-Браво” эс алуу жайында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын старшинасы Каныбек уулу Эдин кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы кызды көрүп калып, аны куткарып калган.

Көл жээгинде ойноп жатып сууга чөгүп кеткен кызды ата-энеси байкабай калган. Сууга чөгүп бара жаткан кызды куткарып,  өмүрүн сактап калган полктун кызматкерине кыздын ата-энеси ыраазычылык айтышкан.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун “Лазурный берег” пансионатында эс алып жаткан балдардын бири сууга түшүп жатып буту тырышып сүзө албай, сууга чөгүп, жардам сурап кыйкырганын көл жээгинде кызмат өтөп жүрүшкөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алымбек уулу Адыл жана Бактыбек уулу Сыймык көрүп калышып, сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарып калышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>