Патрульдук милицияга сынактан өткөн кызматкерлер “Аламедин-1” каналында сууга чөгүп жаткан адамды куткарып калышты. Жол коопсуздугу кызматынан билдиргендей, окуя 6-августта болгон.
«Милиция кызматкерлери окууга кетип жатып, жардам сурап кыйкырган адамдын үнүн угуп калышып дароо жардам көрсөтүшкөн. Натыйжада 21 жаштагы сууга чөгүп жаткан адам куткарылып, “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.