Бишкек абанын булганышы боюнча 81-орунду ээледи2025-2026-окуу жылына ЖОЖдорго кышкы кабыл алууга конкурстук тандоо 23-декабрда башталатЫсык-Көлдө бир нече бодо малдарды уурдаган. Шектүү кармалдыЖайыл районунда браконьерлерге каршы рейд: эреже бузгандарга айып салынып, куралы алындыКыргызстан менен АКШ коопсуздук тармагында кызматташууну тереңдететЭнергетика министрлиги бизнес үчүн тарифтердин жаңы эрежелерин сунуштады
Милиция: Сузакта жайлоого маңзат өсүмдүгүн эккен жаран кармалды
15.09.2023 | 11:14
Жалал-Абаддын Сузак районунда баӊгизат өсүмдүктөрүн эгип, сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билиришти.
Маалыматка караганда, милицияга район аймагында маңзат өсүмдүктөрүн өстүрүп жаткан жаран тууралуу ыкчам маалыматтар түшкөн.
Аталган факт катоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Сузак районунун 42 жаштагы тургуну Д.М. кармалган. Ал Көк-Арт жайлоосунда 1 гектар жерге баӊгизат өсүмдүгүн эгип, сактап жүргөндүгү аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз