Миң чакырымдан ашык: Быйыл Кыргызстанда кайсы жолдор оңдолот?

2026-жылы өлкөдөгү стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт. Транспорт министрлигинин маалыматында, жалпысынна 1 миң 157 чакырым жолду куруу жана калыбына келтирүү каралууда.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Сафаровка – Барпы жолдорунун курулушу улантылат.
Ошондой эле Түндүк – Түштүк альтернативдик жолундагы 5 курулма, Барскоон – Бедел жолу, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу, ошондой эле Лебединовка – ГЭС-5, Бишкек – Кант, Арашан – Чуңкурчак жана Бишкек – Күнтуу – Шопоков тилкелериндеги иштер жүргүзүлөт.
Инвестициялык каражаттардын эсебинен төмөнкү жолдорду реконструкциялоо каралган:
- «Суусамыр — Талас — Тараз» автожолу (93 км);
- Корумду — Балбай Баатыр участогу (79,3 км);
- Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок (75 км).
Мындан тышкары, быйыл төмөнкү жаңы жол куруу долбоорлору жана жол оңдоо иштери башталат:
- Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсү (8,5 км);
- Жаңы Ош базарына барчу жол (8,7 км);
- Чолпон-Ата шаарын айланып өтүүчү жол (15 км);
- Бозучук — Жыргалаң унаа жолу (14,5 км);
- «Жыргалаң» («Ала-Too Резорт») тоо лыжа базасына барчу альтернативдик жол (8,5 км);
- Жети-Өгүз — Койсары унаа жолу (15 км);
- Тамдык — Кишемиш — Дөнөн — Булак-Башы унаа жолу (51 км).
Министрлик курулуштун жүрүшүндө бекитилген тизмеге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн экенин кошумчалады.