Кыргызстандын өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкы жана анын институту тарабынан каржылана турган “Айыл чарбасын механизациялор көмөктөшүү” комплекстүү программасын бекитти. 2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтондо долбоордун негизги документтерине кол коюлган.
Программанын каржылык түзүмүндө 45 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү насыя 25 жылдык мөөнөткө, жылдык 1,5% менен 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. Мындан тышкары, документтерди даярдоо жана исламдык каржылоо принциптерин окутуу үчүн 110 миң доллар өлчөмүндө гранттык каржылоо каралган. Долбоор «Айыл» жана «Элдик» банктары тарабынан каражаттарды кайра кредиттөө жолу менен ишке ашырылып, республикалык бюджеттин финансылык жүгүн азайтат.