Министрлер кабинети мамлекеттик кызматтарды жеке компанияларга өткөрүүдө тендерден баш тартууну сунуштоодо
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелелери боюнча комитетинде «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкуулана баштады. Министрлер кабинети мамлекеттик кызматтарды жеке компанияларга аутсорсингге (сырттан аткарууга) берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү демилгелеп, өнөктөштөрдү тандоодо милдеттүү түрдө тендер өткөрүү талабынан баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Бекешев бул тармакка жеке секторду тартуу идеясын кубаттаганы менен, мындай компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча бир катар сунуштарын киргизди.
Эл өкүлү мыйзамда төмөнкүдөй катуу талаптар бекитилиши керектигин баса белгиледи: жарандардын жеке маалыматтары өлкө чегинен тышкары чыкпоого тийиш, ал эми маалымат базалары жалаң гана Кыргызстандын аймагында жайгаштырылышы шарт.
Мындан тышкары, депутат кызмат көрсөтүүнүн бааларын Министрлер кабинети бекиткен чектен ашырбоону жана жеке операторлорду ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттендирүүнү сунуштады. Тобокелчилик жараткан кызматташтыкка мисал катары Бекешев IMEI-коддорду каттоодогу жагдайды эске салды. Анда жеке фирманын ишине карата көптөгөн нааразычылыктар жаралып, жыйынтыгында ишке атайын кызматтардын кийлигишүүсүнө туура келген.