Министрлик: Акыркы күндөрү вирус бири-бири менен көп байланышта болгон жарандардан аныкталууда

Министрлик: Акыркы күндөрү вирус бири-бири менен көп байланышта болгон жарандардан аныкталууда

Кыргызстандагы ооруну жуктуруунун себептери жана булактары кайдан болуп жатат? Бул суроого бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде жооп берди.

«Коронавирус жуктуруп алуунун көпчүлүгү байланышта болгон жактардан аныкталып жатат. Ошондуктан биз бардык байланышта болгондорду аныктоого аракет кылып, көзөмөлдөп жатабыз, мындай учурда бизге кээде атайын кызматтар жардам беришүүдө”, — деди Үсөнбаев.

Жарандардын санитардык эрежелерди сактап, байланышты азайтышы керек.

«Эпидемиологиялык ийри тыныгуу тартибинде сиздер көрүп жаткандай оорунун жогорку чокусунан кутула алдык. Акыркы күндөрү илдеттин саны 30 учурдан ашкан жок. Ошондуктан, белгилеп кетким келет, жарандар бири-бири менен абдан көп байланышта болуп жатат, бул эпидкырдаалды начарлатышы мүмкүн. Жарандардын санитардык эрежелерди сактап, байланышты азайтышы керектигин өтүнүп кетет элем”, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Кыргызстанда коронавирус илдеттин жуктургандардын жалпы саны 843гө жетти.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>