Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуунун II туруна катышкан абитуриенттерге эскертүү берди.
Министрликтин маалыматында, окуу жайга сунушталган абитуриенттер 1-август саат 17:00гө чейин ошол окуу жайда билим ала тургандыгын тастыкташы керек.
“Эгер сиз ал окуу жайда билим алуу оюңуздан кайтсаңыз, жиберген өтүнмөңүздү 1-август, саат 17:00гө чейин кайтарып алууңуз шарт. Бул учурда сиз III турга катыша аласыз. 1-август, саат 17:00гө чейин II турда окуй тургандыгын тастыктаган абитуриент III турга катыша албайт”, – деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, пандемиядан улам быйылкы бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга үч тур менен онлайн тапшырууда.
Биринчи тур 20-22-июлда, экинчи тур 27-29-июлда өткөн. Ал эми жыйынтыктоочу үчүнчү тур 3-5-августта өтөт.
Сунушталгандардын тизмеси жарыялангандан кийин тастыктоого үч күндүк мөөнөт берилет.