Министрлик Москвага барган делегация качан анализ тапшырганын билбейт

Министрлик Москвага барган делегация качан анализ тапшырганын билбейт

Сооронбай Жээнбеков менен Москвага барган делегация качан анализ тапшырганы тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин маалыматы жок. Бул тууралуу ал 25-июнда брифингде билдирди.

Модератор ага: “эмне себептен президент менен барган делегациянын анализи бизден таза чыгып, Москвага барганда башкача болду, биздин ПЦР тест сапатсызбы?” – деген суроо берди.

“Сапатсыз ПЦР анализ жүргүзүлбөйт, лабораториялар бирдей эле. Алар качан анализ тапшырылганы тууралуу маалыматым жок экен. Эгер кечээ анализ тапшырылса, түнү менен дагы байланышта болуп калышы мүмкүн. Биз муну изилдеп туруп жыйынтыгын айтпасак, азыр бир жактуу айтууга болбойт”¸– деди Каратаев.

Белгилей кетсек,  Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Москвада өткөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн барышкан.

Бирок делегация мүчөлөрү Москвада коронавируска текшерилгенде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир жансакчыдан коронавирус табылган. Мындан улам  Жээнбеков парадга катышпастан кайтып келди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>