Бүгүн, 1-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 756 учур катталды. Бул тууралуу брифингде коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Учурда стационарда – 244, алардын ичинен реанимацияда – 5 жатат, каза болгондордун саны — 8.
Өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 504 болду.