Мирлан Жеенчороев: “Берген убадама бек турдум”

Мирлан Жеенчороев: “Берген убадама бек турдум”

“Альянс” партиясынан талапкер Мирлан Жеенчороев  Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун тургундары менен жолукту. Жеенчороев жаңы конуш тургундарынын алдында жүзү жарык экенин айтып, бир нече жыл мурун аталган аймактан Шаардык Кеңешке депутат болуп барганын эске салды.

Айтымында, ошол кезде конушта мектеп, бала бакча, жол жана канализация сыяктуу социалдык маселелер курч турган. Ал депутат болуп шайлангандан кийин берген убадасына бек туруп, аталган аймактын бир топ көйгөйүн чечип берген.

“Менин саясий карьерам дал ушул Көк-Жардан башталды. 2012-жылы жалпыңыздар мага ишеним көрсөтүп, Шаардык Кеңешке депутат кылып шайлап бергенсиздер. Андан бери көп иштер аткарылды”, — деди ал.

Жеенчороев чоң саясий жарышка аттанып жаткан “Альянс” партиясынын курамына токтолду. Партия кесипкөй, тайманбас, акты ак, караны кара деп сүйлөгөн адилеттүү, чынчыл адамдардан куралганын айтты. Учурда өлкө экономикасы солгундап, каатчылык каптап, мамлекет чоң сыноону башынан өткөрүп жатканын баса белгиледи.

“Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкө Парламенти күчтүү болуусу керек. Жогорку Кеңештин курамы өз принциптерине бекем турган, көз карашы үчүн күрөшкөн жана эл мүдөөсүн алдыга коюп, бийликке эмес калкка кызмат кылган инсандар менен толукталуусу керек. Бүгүнкүдөй башкаруу системасында бийликтин көзөмөл функциясын бекемдөө зарыл. Биздин партиянын курамында башкаруу системасын жакшырта алган, экономиканы түшүнгөн, альтернативдүү көз караштан тышкары, илимге негизделген программаларды сунуштай билген жаңы адамдар арбын”- деди Жеенчороев.

Альянс №3 Бир күч!

Мирлан Жеенчороев №1

 

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 10-ноябрь, 2021-жыл.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>