Бүгүн, 21-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Монголиянын президенти 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду. Аны Министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев коштоп жүрдү.
Белгилей кетсек, Ухнаагийн Хурэлсух кечээ, 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген.