Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз жана сынаксыз алмаштырылат

2026-жылдын январынан тарта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү жаңысына акысыз жана сынаксыз алмаштырууга болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы айдоочулук күбөлүк 10 жылдык мөөнөткө берилет жана документтерди “Унаа” кызматы аркылуу алмаштыруу мүмкүн болот.
Ошондой эле эл аралык айдоочулук күбөлүктөр өз мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.
Каныбек Туманбаев белгилегендей, айдоочулук күбөлүк алууга үйрөткөн жеке автомектептер ишин улантат, бирок алар мамлекеттик мекемелердин карамагына өтөт.
“Биз аларды иштете беребиз. Айлыгын алышат, бардыгы мамлекетке кызмат кылат. Толугу менен санарипке өткөрүп, коррупцияны жок кылабыз”, — деди Туманбаев.
Президенттин иш башкармалыгынын юристинин маалыматына ылайык, учурда жеке автомектептерде окуп жаткандар сынакты тапшырса күбөлүк алышат. Ал эми өтпөй калгандар жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин күбөлүк алуу жол-жобосун жаңы тартип менен өтүүгө тийиш болот.