Москвадагы Чыгыш музейинде кыргыз көркөм өнөрүнө арналган көргөзмө өтөт

Москвадагы Чыгыш музейинде кыргыз көркөм өнөрүнө арналган көргөзмө өтөт

Москва шаарындагы Чыгыш музейинде Кыргызстандын XX кылымдагы көркөм сүрөт жана кол өнөрчүлүгүнө арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу аталган музей жарыялады.

Кыргызстандын кооз табиятын жана кыргыз элинин уникалдуу маданиятын чагылдырган “Ысык-Көл жээгинде” аттуу бул көргөзмө 17-июлдан 12-октябрга чейин уланат.

Көргөзмөдө көрүүчүлөр ар кандай муундардын улуттук сүрөт өнөрүнүн өкүлдөрүнүн чыгармаларын көрө алышат: Семён Чуйков, Гапар Айтиев, Жамбул Жумабеков, Догдурбек Нургазиевдин живопистик эмгектери, Шаарбек Аманкуловдун скульптуралык жана керамикалык композициялары коюлат.

Көргөзмөнүн куратору Мария Филатованын айтымында, экспозицияда ошондой эле башка аймактарда төрөлүп, тагдырдын жазмышы менен Кыргызстанга келип, бул жерден шыктануу алып, чыгармачылыгын өркүндөтүшкөн сүрөтчүлөрдүн да эмгектери көрсөтүлөт. Алардын катарында Давид Флекман, Николай Евдокимов, Татьяна Горчакова, Пётр Будо, Ольга Малышева бар.

Живопись эмгектерин XIX–XX кылымдардагы кол өнөрчүлүк буюмдар толуктайт. Кыргыз уздары сайма түшүргөн көрпө-жастык каптары, идиш салуучу каптар, боз үйдүн көшөгө-жабуулары сыяктуу буюмдар көргөзмөнүн өзөгүн түзөт.

Көргөзмөгө Чыгыш музейинин коллекциясынан 50дөн ашык экспонат коюлат.

“Ысык-Көл жээгинде” көргөзмөсү — Кыргызстандын улуттук көркөм өнөрүн ар тараптуу жана бирдиктүү экспозицияда көрүүгө сейрек мүмкүнчүлүк тартуулайт»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>