Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Мунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледи
23.10.2025 | 17:26

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу World Boxing эл аралык спорттук федерациянын версиясы боюнча 60 кг чейинкилер арасындагы дүйнөлүк рейтингте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган федерациянын сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, аталган рейтингде Мунарбек Сейитбек уулу 975 балл алганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле бул рейтингге эки кыргызстандык мушкер кирген. 70 кг чейинки салмактагы Ихтияр Нишонов 7-орунду, ал эми 75 кг чейинки салмакта Нурадин Рустамбек уулу 11-орунду ээлеген.
Рейтингдик упайлар World Boxing Challenge турнирлеринде, бокс боюнча дүйнө кубокторунда, дүйнө кубогунун финалдарында, бокс боюнча дүйнө чемпионаттарында жана Олимпиада оюндарында көрсөтүлгөн жыйынтыктар үчүн берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт