Бишкек жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча абакка кесилген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эгиз уулду болду. Бул тууралуу 11-мартта ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда айтылды.
Исаков бул кабарды жаңы эле угуп, сүйүнүп жатканын билдирген. Анын айтымында аялы Малика Арстанбекова 11-мартта Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарган.
Буга чейин жубайлардын 4 кызы бар болчу.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков өткөн жылдын декабрь айында 15 жылга эркинен ажыратылган. Бул чечимге макул болбогон анын жактоочулары апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылган.