Site icon Reporter.kg

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге өкүм чыкты (видео)

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге өкүм чыкты.

Reporter.kg’ге Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, сот 22-апрелде мурдагы министрди «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекетке 1,5 млн сом айыппул төлөөнү милдеттендирген.

Ошондой эле ал 3 жылга мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылган.

Бейшеналиев соттун өкүмү менен макул болбой Бишкек шаардык сотуна апелляция менен кайрылган.

Шаардык сот аны 1-июлда карап чыгып, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип кармалып, эки айга камакка алынган. ИИМ кылмыш ишин чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу фактысы менен байланыштырган.  Бейшеналиев кармалгандан кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, ал пара катары алган 37,5 миң долларды, кийинчерээк 62,5 миң долларды кайтарып бергени кабарланган.

Андан кийин ал үй камагына чыгарылган.

Exit mobile version