Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалды

13.03.2026 | 13:41

Коррупцияга шектелип жаткан мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев 10-майга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Мындай чечимди 12-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарганын ЖМКлар жазууда.

10-мартта УКМК Конгантиевге карата кылмыш ишин козгогон. Атайын кызматтын маалыматында, ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда муниципалдык жерлерди жеке менчикке чыгарып кетүүгө байланышкан болжолдуу коррупциялык схемалар тууралуу видео тараган. Жарыяда бул схемаларга Конгантиевдин тиешеси болушу мүмкүн экени айтылат. Ошондой эле видеодо анын УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон байланыштары да айтылган.

Видео жарыялангандан кийин Конгантиев депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы анын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Scroll to Top