Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду

Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Ошто каза болду. Ал 63 жашта болчу. Бул тууралуу маркумдун жакындары тастыкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча Молдомуса Конгантиевдин жүрөгү токтоп калган. Анын сөөгү эртең Бишкекке жеткирилип, борборго коюлат. Молдомуса Конгантиев 1958-жылы 31-мартта Майлуу-Суу шаарында туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты. … Читать далее Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду