Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду

Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Ошто каза болду. Ал 63 жашта болчу. Бул тууралуу маркумдун жакындары тастыкташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча Молдомуса Конгантиевдин жүрөгү токтоп калган. Анын сөөгү эртең Бишкекке жеткирилип, борборго коюлат.

Молдомуса Конгантиев 1958-жылы 31-мартта Майлуу-Суу шаарында туулган.

1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты.

Ички иштер органдарындагы кызматын 1979-жылы баштаган. Майлуу-Суу шаардык аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүндө мамлекеттик банктын филиалын кайтаруу боюнча катардагы милиционерден баштап түрдүү кызматтарда иштеген.

2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалган.

Reporter.kg‘нин жамааты Молдомуса Конгантиевдин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>