Мурдагы юстиция министри жаңы кызматка барды

Мурдагы юстиция министри жаңы кызматка барды

Асель Чынбаева Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров  тиешелүү жарлыкка кол койгон.

Ал 1974-жылы 7-майда Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында туулган.

Билими:

  • 1996 — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук таануучу адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1998 — Жогорку Кеңеш, депутаттын коомдук башталгычтагы жардамчысы;
  • 1998-2000 — Бишкек мэриясынын укуктук департаментинде жетектөөчү адис;
  • 2000-жылдын март айынан ноябрь айына чейин —»Хельвитас» Швецариялык эл аралык кызматташтык ассоциациясынын айыл калкына укуктук жардам берүү» долбоорунда юрист;
  • 2001-жылдын январь айынан июнга чейин — «Альянс-Транс» ассоциациясында юрист;
  • 2001-2004 — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, кадрдык, укуктук иштер жана аткарууну контролдоо бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2004-2006 — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, уюштуруу-кадрдык жана укуктук иштер бөлүмү, юридикалык иштер секторунун башчысы;
  • 2006-2007 — өкмөттүн аппараты, юридикалык бөлүмдүн укуктук талдоо секторунда башчынын милдетин аткаруучу;
  • 2007-жылы апрелден май айына чейин — өкмөттүн аппараты, укуктук-экспертиза бөлүмүнүн мыйзамдарды системалаштыруу жана кодификациялоо секторунда башчынын милдетин аткаруучу;
  • 2007-жылдын май айынан августка чейин — өкмөттүн аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүндө эксперт;
  • 2007-2009 — өкмөттүн аппараты укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертиза секторунда эксперт;
  • 2009 — өкмөттүн аппараты, укуктук колдоо бөлүмүндө башчынын орун басары;
  • 2010 — убактылуу өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
  • 2010 — президенттин администрациясы, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
  • 2010-2015 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
  • 2015-2016 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн экспертиза секторунда башкы эксперт;
  • 2016-2017 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти;
  • 2017 — өкмөттүн аппараты, укуктук-экспертиза бөлүмүнүн мыйзамдарды системалаштыруу жана кодификациялоо секторунун башчысы;
  • 2017-2019 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүндө башчынын орун басары;
  • 2019-2021 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы.
  • 2021-жылдын февраль айында  юстиция министри кызматын аркалаган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>