Мурдагы Жалал-Абад, азыркы Манас шаарынын тарыхы

21.09.2025 | 12:00

Жакында эле президенттин жарлыгы менен аталышы «Манас» болуп өзгөртүлгөн Жалал-Абад шаары ХIX-кылымда Фергана облусундагы ири кыштак катары белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суусунун молдугу кыштактын тез өнүгүшүнө шарт түзгөн.

ХIX-кылымдын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн жана Көк-Арт, Тогуз-Торонун калкынын ортосунда мал-чарба продуктуларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айланган.

Расмий документтерде Жалал-Абад шаары 1877-жылы октябрь айында түзүлгөндүгү айтылат. 1890-жылдары Жалал-Абадда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Алгачкы жолу оорукана, банк, механикалык тегирмен ачылып, иштей баштаган. Шаарга темир жол жеткирилип, биринчи поезд келген. 1916-жылы биринчи почта түйүнү  ачылган. Ал эми 1917-жылы 17-19-декабрда Жалал-Абадда Совет бийлиги жарыяланган

Советтик бийлик доорунда

Кыргызстан Советтик союзга кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924-26-жылдары округдун борбору болгон. Андан кийин Жалал-Абад кантону уюштурулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктары бириктирилип, борбору Жалал-Абад шаары болгон. 1926-жылы шаарда облустук китепкана ачылган. Ошондой эле Педтехникум, Зооветтехникум, механизаторлор мектеби ачылган. Мындан тышкары айыл-чарба, азык-түлүк, текстиль тармактарындагы ишканалар курулган.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынан кийин шаарда экономикалык жана турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башка объекттер курулган.

1980-жылдары Жалал-Абад шаары өнөр жай жана маданий ири борборлордун бири болуп калган. Пахта тазалоочу завод, кондитердик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикалары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо жана тамеки ферменттөө заводдору менен экономикалык борбор болуп эсептелген.

Жалал-Абад шаары эгемендик жылдарында

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылы Жалал-Абад шаары Жалал-Абад облусунун борбору статусун алган.  Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2007-жылдын  8-августундагы кезексиз XXIX сессиясынын №2 токтому менен  Жалал-Абад шаарынын эмблемасы, туусу бекитилген. Ошол эле жылдын 19-октябрында Жалал-Абад шаарынын 130 жылдыгы белгиленип, шаар «Данакер» ордени менен сыйланган. 

1993-жылдын 31-августунан бери Жалал-Абад шаарын 15 мэр башкарган. Учурдагы шаар мэри Эрнисбек Ормоков 2020-жылдын декабрь айынан бери иштеп келет. 2023-жылы шаардын ѳнүгүүсү үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнүп, ага бир катар социалдык объектилер курулган.

Быйыл, 2025-жылдын 17-сентябрында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет.

Scroll to Top