Мурунку экономика министри Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилей кетсек, Новиков 2017-2018-жылы экономика министри кызматында иштеген.