Музей жана ипподром боюнча Сапар Исаков 18 жылга кесилди

Музей жана ипподром боюнча Сапар Исаков 18 жылга кесилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейди жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иш боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга кести. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы “Репортерго” тастыктады.

Соттун чечимине ылайык, Сапар Исаковду сот абакка кесүүдөн сырткары келтирилген чыгымдын ордун толтуруу иретинде 247 млн 650 миң сом айып салган

Ал эми бул кылмыш ишке катыштыгы бар делген  Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаевага күнөөлү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко алынып келинген эмес. Ишти карап жаткан судья Исаковдун катын окуп берген. Катта ал сотко катышуудан баш тартаарын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>