Мыйзамсыз ташылып келинген төрт автоунаа Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Аткезчилик менен алынып келген унаалар мамлекетке 5 млн 609 миң 591 өлчөмүндө зыян келтирди.
«Бул, “Мерседес-Бенц Е280”, “Мерседес-Бенц S-Class”, “Тайота –Лендкрузер-200” жана “Мазда CX-5”. Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоуктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча ЭККМКга өткөрүлүп берилди. , — деп жазылат маалыматта.