6-октябрдагы “Достук” мейманканасында спикер болгону айтылган Мыктыбек Абдылдаев өз каалосу менен отставкага кетти.
Бул тууралуу Мыктыбек Абдылдаев өзү “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтты.
Белгилей кетсек, 6-октябрь күнү “Достук” мейманканасында Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чукул жыйынга чогулган. Жыйындын жүрүшүндө парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланган.