Бишкек шаарынын Октябрь районундагы өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өрт чектөөгө алынган.
«Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан даарыканадан жана тез тамактануучу жайдан чыккан өрт саат 16:45те чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болду (аты-жөнү, туулган жылы жана жынысы такталууда). Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет», -деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-июнда түштөн кийин Бишкек шаарынын Октябрь районундагы наабайканадан өрт чыкканын ӨКМ кабарлаган.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүмү тартылган болчу.