Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Нарын дарыясына кулаган айдоочуну издөө иштери уланууда
14.08.2025 | 10:25

Кечээ, 13-августта Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагында Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирген жыгач көпүрө сынып, КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Нарын дарыясына кулап кеткен. Айдоочу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болууда.
Бүгүн, 14-августта издөө иштерине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 39 куткаруучу жана 50 жергиликтүү тургун, жалпы 90 адам тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы ӨКМдин адистери бул көпүрөгө изилдөө жүргүзүп, анын абалы кооптуу экенин аныктап, жаңы көпүрө куруу сунушун тиешелүү органдарга жөнөтүшкөн. Корутунду 2024-жылдын 18-сентябрында берилген.
Учурда куткаруучулар издөө иштерин улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар