Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Нарын дарыясынан изделип жаткан 61 жаштагы аялдын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришти.
ӨКМдин Нарын шаардык бөлүмүнө 61 жаштагы аялдын дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу кабар 28-июлда келип түшкөн.
29-июль күнү издөө иштерине 18 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн саат 15:30 чамасында Куланак айылынан табылган.