Нарын облустук милиция кайрымдуулук көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-июнь күнү Нарын милициясы атайын токтомдун негизинде, облус борборундагы моралдык жана материалдык жактан муктаж болгон жарандарга «БИЗДИН БАЛДАР — ПЛАНЕТАНЫН КЕЛЕЧЕГИ!»-деген ураанда кайрымдуулук көрсөтүлдү.
Кайрымдуулуктун алкагында Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Кумар Кабылбеков Нарын шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой энелерге арналган азык-түлүктөрдү тапшырды.