Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эмилбек Алымкулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Аманбай Кайыпов 5-сентябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Эмилбек Алымкулов буга чейин Нарын шаарынын мэри кызматын аркалап турган.