Нарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстү

Нарын облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйынтыктоочу коллегиясы өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аймактын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Облуста өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге көбөйгөнү белгиленди. Бул көрсөткүчкө Солтон-Сары алтын кенинде жаңы ишкананын ишке кириши салым кошту.
Аймакта ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор:
- Трансконтиненталдык темир жолдун курулушу башталды;
- Балыкчы – Кочкор темир жол линиясын куруу уланууда;
- Торугарт – Казарман багыты боюнча жаңы автомобиль жолунун курулушу башталды;
- Жүздөгөн чакырым жолдорду асфальттоо иштери каралган.
Коллегияда сөз сүйлөгөн Эдил Байсалов жаңы темир жана автомобиль жолдору аймактагы көмүр, темир рудасы, боксит жана башка кен байлыктардын запастарын өздөштүрүү үчүн шарт түзөрүн белгиледи. Мамлекеттик органдардын алдына бул ресурстарды системалуу өздөштүрүү жана өнөр жай ишканаларын түзүү милдети коюлду.