Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген 6 медицина кызматкерине коронавирус жукту. Бул тууралуу 12-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Өлкө боюнча 241 медицина кызматкеринин анализинен коронавирус табылган. Алардын 186и айыгып чыккса бирөө каза болгон.
12-майга карата 21 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 1037ге жетти.
сүрөт: sputnik / Табылды Кадырбеков