Нарын шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал режими токтотулат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
Ал эми өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартуу чечими кабыл алынды.
Ал эми башка аймактарда өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.
Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.